# 33-берене. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 241 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере здравоохранения и образования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665#diff=38627..39974>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 33-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-33

---

1. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор, илимдин кандидаты жана доктору деген окумуштуулук даражаларын ыйгаруу менен илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого, ошондой эле адистештирилген медициналык билим берүү (интернатура/ординатура) программаларын ишке ашырууга багытталган.

2. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, эреже катары, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында жана илимий мекемелерде изденүүчүлүк, аспирантура (адьюнктура), докторантура жана базалык докторантура (PhD/тармак боюнча) аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Илимдин кандидаты жана илимдин доктору илимий даражалары изденүүчүнүн диссертацияны коомдук коргоосунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнмөсүнүн негизинде мамлекеттик аттестациялык орган тарабынан ыйгарылат. Философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктору деген окумуштуулук даража Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ыйгарылат.

4. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнү уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.

5. Улук илимий кызматкердин, доценттин, профессордун окумуштуулук наамдары окумуштуулук наамды ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө кесиптик жогорку билим берүү уюмунун (илимий-изилдөө институтунун) окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечиминин негизинде мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан ыйгарылат.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-34)
