# 32-берене. Кесиптик жогорку билим берүү

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 32-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-32

---

1. Кесиптик жогорку билим берүү орто жалпы, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн базасында бакалаврларды, магистрлерди жана адистерди даярдоого, кайра даярдоого багытталган жана билим алуучулар тарабынан кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү алууга жана квалификациялардын улуттук алкагына ылайык социалдык-инсандык компетенцияларды калыптандырууга багыттаган.

Кесиптик жогорку билим берүү программалары кесиптик жогорку билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылат. Магистрлерди даярдоо программасы Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттары тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн.

2. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына кабыл алуу билим берүү жаатындагы көз карандысыз баалоого адистештирилген мамлекеттик эмес коммерциялык эмес уюмдар тарабынан жүргүзүлүүчү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча конкурстун негизде жүзөгө ашырылат. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллдары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жыл сайын белгиленет.

3. Кесиптик башталгыч жана орто билим берүү программасын аяктаган адамдар жаппы республикалык тестирлөөдөн өтпөстөн, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында тармак боюнча окууну улантууга укуктуу.

4. Кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окуусун аяктаган жактарга квалификациялардын улуттук алкагына ылайык тиешелүү багыт/адистик боюнча даража/квалификация ыйгарылат.

5. Тиешелүү тармактагы кесиптик орто билими бар адамдар, ошондой эле кесиптик жогорку билими бар адамдар тездетилген билим берүү программалары боюнча кесиптик жогорку билим ала алышат.

6. Кесиптик жогорку билим берүүнүн багыттарынын жана адистиктеринин тизмеги, билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөттөрү, аларды ишке ашыруунун формасы жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-33)
