# 24-берене. Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665#diff=39974..46645>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 24-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-24

---

1. Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарын аккредитациялоону кошпогондо, таанылган аккредитациялоо агенттиктеринде ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат. Кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарын аккредитациялоо милдеттүү болуп саналат.

11. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары Министрлер Кабинети аныктоочу тартипте милдеттүү мамлекеттик аккредитациядан өтүшөт.

Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу, мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн билим берүү уюмдары бүтүрүүчүлөргө билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүүгө жана билим алуучуларды кабыл алууга укугу жок.

2. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын кошпогондо, билим берүү уюму аккредитациялык агенттикти өз алдынча тандайт. Аккредитация аккредитациялануучу билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдарын жана жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринин алдындагы кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын аккредитациялоо жүргүзүлбөйт.

4. Аккредитациялык агенттиктердин иши ачык жана айкын болот.

5. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредитациялык агенттиктердин реестрин жүргүзөт.

6. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында аккредитациялык агенттиктердин ишин таануу жана ага мониторинг жүргүзүү жөнүндө маселелерди коллегиалдуу жана ачык кароо үчүн Улуттук аккредитациялык кеңеш түзүлөт.

Улуттук аккредитациялык кеңеш 11 адамдан турат, алардын катарына билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын 3 өкүлү, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын 3 өкүлү, иш берүүчүлөр ассоциациясынын 3 өкүлү, коомдук институттардын 2 өкүлү кирет. Улуттук аккредитациялык кеңештин курамын түзүүнүн, аккредитациялык агенттиктерди таануунун же таануудан баш тартуунун, таанууну токтото туруунун жана мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруунун, алардын ишине мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-25)
