# 23-берене. Билим берүү ишин лицензиялоо жана билим берүү ишин жүзөгө ашыруунун кабарлоо тартиби

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665#diff=39974..46645>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 23-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-23

---

1. Билим берүү иши, төмөндө баяндалган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын лицензиялоо-уруксат берүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензияланууга тийиш.

2. Төмөнкүлөрдүн билим берүү иштери лицензияланууга жатпайт:

1) жалпы (башталгыч, негизги жана орто) билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын;

2) саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын кошпогондо, өзгөчө статуска ээ болгон жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын;

3) автомектептердин ишин, ошондой эле тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билим берүүнү кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын.

3. Мектепке чейинки билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча билим берүү иши билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилүүчү кабарламанын негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Билим берүү уюмдары жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке жактар (жеке ишкерлер) Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылык жана өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жүрүү жана окуу үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

5. Диний билим берүү уюмдарына (бирикмелерине) билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиялар дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

6. Медициналык жана фармацевттик билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиялар саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

(КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-24)
