# 2-берене. Билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 2-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-2

---

1. Билим берүү чөйрөсүндөгү мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тутумдук бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине негизделет.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка ченемдер, эрежелер жана мөөнөттөр белгиленсе, анда эл аралык келишимдин ченемдери пайдаланылат.

3. Эгерде билим берүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларында камтылган ченемдер ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелерди белгилесе, анда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-3)
