# 19-берене. Билим берүү уюмдарынын типтери

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 19-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-19

---

1. Билим берүү уюмдары ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларына ылайык типтерге бөлүнөт.

2. Билим берүү уюмдарынын типтери:

1) мектепке чейинки билим берүү уюмдары;

2) башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү уюмдары (жалпы билим берүүчү мектеп);

3) кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары;

4) кесиптик орто билим берүү уюмдары;

5) кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдары;

6) маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдары (балдардын көркөм мектептери, балдардын музыкалык мектептери жана искусство мектептери);

7) балдарга жана эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү уюмдары;

8) кесиптик кошумча билим берүү уюмдары.

3. Билим берүү уюмдарынын типтери түрлөргө бөлүнөт. Билим берүү уюмдарынын түрлөрү жана алардын негизги критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат жана бекитилет.

4. Мамлекеттер аралык билим берүү уюмдарынын түрү жана статусу өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-20)
