# 18-берене. Билим берүү уюмдары

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665#diff=39974..46645>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 18-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-18

---

1. Билим берүү уюму билим берүү кызматтарын ишинин негизги түрү катары көрсөтүүчү юридикалык жак болуп саналат. Билим берүү уюмдары мамлекеттик, муниципалдык жана менчиктин жеке формаларында түзүлүшү мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон айрым мамлекеттик билим берүү уюмдарына билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Улуттук" статусу ыйгарылышы мүмкүн.

3. Мамлекеттик билим берүү уюмдарына көрүнүктүү инсандардын ысымын ыйгаруу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.

4. Мамлекеттер аралык билим берүү уюмдарынын укуктук статусу эл аралык келишимдерге ылайык аныкталат.

5. Менчигинин кандай болбосун формасындагы билим берүү уюмдарын түзүү, башкаруу, кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары жана билим берүү уюмунун уставы менен жөнгө салынат.

6. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун уставы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү типтүү уставдын негизинде иштелип чыгат. Мында система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюмунун уставы анын уюштуруучусу тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында аныкталган тартипте бекитилет.

7. Билим берүү уюмун кайра уюштуруу же жоюу, эреже катары, окуу жылынын аягында жүзөгө ашырылат. Бул учурда уюмдаштыруучу билим алуучуларды башка билим берүү уюмдарына алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашуу боюнча которуу үчүн жоопкерчилик алат.

(КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-19)
