# 17-берене. Формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665#diff=39974..46645>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 17-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-17

---

1. Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу тутуму билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун ички жана тышкы системалары аркылуу ишке ашырылуучу билим берүүнүн сапатын тескөөнүн системалык жана ырааттуу процессин камтыйт.

2. Формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо максатында билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн түзүмүндө өз алдынчалуулуктун, көз карандысыздыктын жана айкындуулуктун принциптеринде иш алып баруучу Билим берүү сапатын өнүктүрүү боюнча департаментти түзөт. Департаменттин жетекчиси билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунуштоосу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат орунга дайындалат жана кызмат орундан бошотулат.

3. Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн сапаты жөнүндө ишенимдүү, толук жана объективдүү маалыматты алуу максатында билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн сапатынын олуттуу мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана талдоо аркылуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзөт.

4. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган формалдуу билим берүүнүн сапатын мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана (же) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык билим берүү программаларына шайкеш келишине баалоону уюштурат. Билим берүүнүн сапатын баалоо көз карандысыз эксперттер же уюмдар тарабынан тандамал тестирлөө системасынын жана (же) баалоонун башка жол-жоболорунун негизинде жүргүзүлөт. Тандамал тестирлөө жүргүзүү жана билим берүүнүн сапатынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана (же) эл аралык билим берүү программаларына шайкеш келишине баалоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

5. Формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча өз убагында чараларды көрүү, анын ичинде билим берүүнүн сапатынын жогору көрсөткүчтөрүнө жетишүү үчүн билим берүү уюмдарына сунуштарды берүү жана жардам көрсөтүү үчүн пайдаланылат. Билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары тартип чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналбайт. Формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыгы (жекече маалыматтарды кошпогондо) ачык маалымат болуп саналат.

6. Билим берүү уюмдарынын жана программалардын рейтингин аныктоо, билим алуучунун жетишкендиктерин баалоо тартиби билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

7. Билим берүү сапатын өнүктүрүү боюнча департамент Кыргыз Республикасында берилген билими жөнүндө документтердин аныктыгын күбөлөндүрүү тартибин белгилейт, ошондой эле чет өлкөдө берилген билими жөнүндө документтердин аныктыгын тааныйт.

8. Көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын контролдоо максатында белгиленген тартипте аккредитациядан өткөн мамлекеттик эмес медициналык билим берүү уюмдары система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюму менен билим берүү франшизасы же болбосо медициналык жана фармацевттик адистиктерге окутуу процессин академиялык жана усулдук башкарууну, саламаттык сактоо чөйрөсүндө кошумча билим берүүнү администрациялоо жөнүндө макулдашуу түзүүгө милдеттүү.

Билим берүү франшизасы же болбосо медициналык жана фармацевттик адистиктерге окутуу процессин академиялык жана усулдук башкарууну администрациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-18)
