# 16-берене. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 16-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-16

---

1. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу тобокелдиктерди минималдаштырууга жана билим берүү процессинин катышуучуларынын психологиялык, маалыматтык, физикалык, экологиялык жана башка коопсуздугун камсыз кылууга багытталган билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу үчүн билим берүү уюму тарабынан көрүлгөн чаралардын жана иш-чаралардын жыйындысын камтыйт.

2. Билим берүү уюмунун коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуудагы милдеттери болуп коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу үчүн уюштуруучулук жана финансылык шарттарды түзүү, коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын потенциалын жогорулатуу саналат.

3. Коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруу үчүн билим берүү уюму жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, укук коргоо органдары, ата-энелер коомдоштугу жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-17)
