# 15-берене. Билим берүүдөгү маалымат системасы

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 15-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-15

---

1. Билим берүүдөгү маалымат системасы Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын абалы жөнүндө толук, ишенимдүү жана актуалдуу маалыматты алууга, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн негиздүү жана өз убагындагы башкаруу, финансылык жана башка чечимдерди кабыл алууга багытталган.

2. Билим берүүдөгү маалымат системасын иштеп чыгуу билим берүүдөгү маалымат системасынын улуттук статистикалык системанын маалыматтарына шайкештигин жана өз ара аракетин камсыз кылуучу бирдиктүү уюштуруучулук, методологиялык жана программалык-техникалык принциптерге, мамлекеттик башка маалымат системаларына жана маалыматтык-коммуникациялык түйүндөргө ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Билим берүүдөгү маалымат системасы билим берүү уюмдары, инфратүзүмү, билим берүү программалары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасынын абалын чагылдыруучу башка маалыматтарды камтыйт.

4. Билим берүүдөгү маалымат системасын башкарууну билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. Билим берүүдөгү маалымат системасын, анын ичинде маалыматтарды жыйноону, сактоону, иштеп чыгууну, пайдаланууну жана жайылтууну башкаруу электрондук башкаруу, расмий статистика жана жекече маалыматтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-16)
