# 14-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 14-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-14

---

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

2) билим берүү чөйрөсүндө жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу;

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) муниципалдык билим берүү уюмдарын түзүү;

2) муниципалдык билим берүү уюмдарында билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө көмөктөшүү;

3) муниципалдык билим берүү уюмдарын каржылоо, имараттарын карап күтүү жана материалдык-техникалык жактан жабдуулоо;

4) мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү программалары боюнча окутулууга тийиш болгон балдардын системалык түрдө эсебин алуу жана аларды камтууга көмөк көрсөтүү;

5) өзгөчө билим берүүгө муктаж жана турмуштук оор кырдаалда турган жактарга жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан кошумча каржылоо берүү, башка чараларды көрүү;

6) балдарды жалпы билим берүү уюмдарына ташууну уюштуруу;

7) мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу;

8) жалпы билим берүү уюмдарына жер үлүштөрүн бөлүп берүү;

9) жаштарды кесипке даярдоо маселелерин ишке ашырууга жана координациялоого көмөк көрсөтүү;

10) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-15)
