# 13-берене. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665#diff=39974..46645>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 13-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-13

---

Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү программаларын, окутуу моделдерин жана билим берүү процессин кошпогондо, билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты, билим берүү тутумун өнүктүрүү стратегиясын түзүү жана жүзөгө ашыруу, билим берүү чөйрөсүндө артыкчылыктарды аныктоо;

2) педагогикалык кызматчылардын, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин жана билим алуучулардын эмгегин шыктандыруу системасын түзүү;

3) мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу процессин уюштуруу;

4) билим берүү уюмдарын каржылоо тартибин иштеп чыгуу;

5) билим берүүнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана улуттук программаларын иштеп чыгуу;

6) билим берүү системасын маалыматтык камсыз кылуу;

7) окуу адабияттарын, окуу куралдарын, окуу-методикалык комплекстерди, алардын санариптик жана (же) электрондук форматтарын кошо, менчигинин формасына карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан басып чыгаруу, жарыялоо жана экспертизасын жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү;

8) Министрлер Кабинети аныктоочу тартипте саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баалоо жүргүзүлүүчү система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюмунун ишин кошпогондо, формалдык билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоону уюштуруу;

9) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында мамлекеттик билим берүү стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү;

10) билим берүү чөйрөсүндөгү улуттук, мамлекеттик стратегиялык программаларды иштеп чыгуу жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү;

11) билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылуу, билим берүү жана илим маселелери боюнча эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын таламдарын колдоп чыгуу;

12) билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүүгө, иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана мониторинг жүргүзүүгө бардык кызыкдар тараптарды тартуу;

13) жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен билим берүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;

14) Кыргыз Республикасында берилген билими жөнүндө документтердин аныктыгын тастыктоо;

15) чет өлкөдө берилген билими жөнүндө документтерди таануу;

16) билим берүү системасын каржылоонун жана тескөөнүн натыйжалуулугун көз карандысыз баалоону уюштуруу;

17) билим берүү кызматтарынын экспортун өнүктүрүүгө, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнө инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү;

18) билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

19) билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырылышы жөнүндө ар жылдык ачык отчеттуулук;

20) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

(КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-14)
