# 11-берене. Окутуунун тили

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 11-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-11

---

1. Билим берүү уюмдарында тил саясаты Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекет ар бир жаранды билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин биринде окутуу үчүн шарттарды түзөт.

3. Билим берүү кызматтары көп тилдүү билим берүү принцибин сактоо менен чет тилде берилиши мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, мамлекет Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде билим алууга көмөк көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бардык этникалык топтордун өкүлдөрүнө эне тилин үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугу кепилденет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-12)
