# 10-берене. Билим берүүнүн формалары

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 10-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-10

---

1. Билим берүү кызматтарын көрсөтүү билим алуучунун жекече керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуучу билим берүүнүн ар кандай формаларында жүзөгө ашырылат.

2. Билим берүү программалары төмөнкү формаларда өздөштүрүлөт: күндүзгү, күндүзгү-сырттан окуу (кечки), сырттан окуу, экстернат, ошондой эле үйдө окутууну кошкондо үй-бүлөлүк билим берүү жана жекече окутуу формасында.

3. Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу формаларында, экстернат формасында алууга жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу формаларында, экстернат формасында алууга жол берилбеген кесиптер жана адистиктер боюнча аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу аркылуу аны өздөштүрүүгө Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте чектөө киргизилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-11)
