# 1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү, максаттары жана милдеттери

- Документ: [Билим берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112665/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө, 1-берене (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-1

---

1. Ушул Мыйзам билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин, ошондой эле Кыргыз Республикасында билим берүү ишинин укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруучулук негиздерин белгилейт.

2. Ушул Мыйзамдын максаты адамдын сапаттуу билим алуу укугуна кепилдик берүү, жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды тааныган инсанды ар тараптуу өнүктүрүү, ар бир адамга коомдун пайдалуу, кесиптерди эркин тандоо аркылуу эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп эсептелет.

3. Төмөнкүлөр үчүн укуктук, экономикалык жана финансылык шарттарды түзүү ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүү жана билим берүү сапатын жогорулатуу;

2) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын натыйжалуу башкаруу, каржылоо жана иштетүү;

3) билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

4) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын билим берүү ишин өнүктүрүү;

5) билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу;

6) билим берүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112665/st-2)
