Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү, максаттары жана милдеттери
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзам билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин, ошондой эле Кыргыз Республикасында билим берүү ишинин укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруучулук негиздерин белгилейт.
2. Ушул Мыйзамдын максаты адамдын сапаттуу билим алуу укугуна кепилдик берүү, жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды тааныган инсанды ар тараптуу өнүктүрүү, ар бир адамга коомдун пайдалуу, кесиптерди эркин тандоо аркылуу эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп эсептелет.
3. Төмөнкүлөр үчүн укуктук, экономикалык жана финансылык шарттарды түзүү ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүү жана билим берүү сапатын жогорулатуу;
2) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын натыйжалуу башкаруу, каржылоо жана иштетүү;
3) билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
4) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын билим берүү ишин өнүктүрүү;
5) билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу;
6) билим берүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 246 "Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2024 · № 246
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)…Закон · 23.05.2017 · № 84
- Саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 28.10.2025 · № 241
- Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 25.07.2022 · № 69 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-1" title="1-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>