1-берене
Күчүндө · 15.08.2023 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 2-бөлүк "өз ишин" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Конституциясына," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 3-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мүчөлүк төгүмдөр, ыктыярдуу кайрымдуулуктар, өз ишинен түшкөн кирешелер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган максаттуу жана башка түшүүлөр Адвокатуранын мүлк булагы болуп саналат.";
3) 6-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Адвокаттардын съезди Адвокаттардын кеңешинин чечими боюнча бир жылда бир жолу чакырылат, ал съезддин өткөрүлө турган датасын, убактысын жана орун-жайын белгилейт. Адвокаттардын кезексиз съезди Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин чечими боюнча же Адвокатуранын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча чакырылат. Адвокаттардын съезди, эгерде анын ишинде шайланган делегаттардын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укук ченемдүү болуп эсептелет. Съездде делегаттардын өкүлчүлүгү ар бир аймактык адвокатурадан катталган адвокаттардын санынын 10 пайыздык, бирок 10 адамдан кем эмес ченеми менен аныкталат.
3. Съезддин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Адвокатуранын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Адвокатуранын уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу же уставдын жаңы редакциясын кабыл алуу;
3) Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүн, этика боюнча комиссиянын, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) Адвокатура мүчөлөрүн, Адвокатуранын кеңешинин, этика боюнча комиссиянын, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн резервдик тизмесине шайлоо;
5) Адвокаттардын Кесиптик этикасынын кодексин бекитүү;
6) Адвокаттар кеңеши, этика боюнча комиссия, текшерүү комиссиясы жөнүндө жоболорду бекитүү, Адвокаттар кеңешинин, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө, этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө - адвокаттарга сый акынын өлчөмүн аныктоо;
7) Адвокаттар кеңешинин, этика боюнча комиссиянын, текшерүү комиссиясынын отчетторун бекитүү;
8) Адвокаттар кеңешинин төрагасынын сый акысынын өлчөмүн аныктоо;
9) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөдөн келип түшкөн каражаттардан Адвокатуранын жалпы муктаждыктарына аймактык адвокатуралардын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн аныктоо;
10) мүчөлүк төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктоо жана бекитүү, аларды төлөө тартибин бекитүү;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.";
4) 7-беренеде:
а) 7-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Адвокаттар кеңеши Адвокатуранын коллегиялуу аткаруу органы болуп саналат жана ал Адвокаттардын съездинде беш жылдан кем эмес адвокаттык иш стажы бар Адвокатуранын мүчөлөрүнүн ичинен үч жылдык мөөнөткө 9 адамдан турган санда жашыруун добуш менен шайланат. Адвокат Адвокаттар кеңешинин мүчөлүгүнө катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт. Адвокаттар кеңеши өзүнүн курамынын ичинен төраганы жана анын орун басарын жашыруун добуш берүү менен Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт. Адвокаттар кеңешинин төрагасы өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде адвокаттык иш жүргүзүүгө укуксуз.";
б) 3-бөлүктө:
- 2-4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Этика боюнча комиссияны жана текшерүү комиссиясын кошпогондо, Адвокатуранын комиссиялары жөнүндө жоболорду бекитүү;
3) аймактык адвокатура жөнүндө типтүү жобону бекитүү;
4) жалпы чогулуштун сунушу боюнча аймактык адвокатура башкармасынын төрагаларын кызматка дайындоо жана бошотуу;";
- 7 жана 9-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:
"4. Адвокаттар кеңешинин жыйналышы Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышканда укук ченемдүү деп эсептелет. Адвокаттар кеңешинин чечимдери Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана 7 күндөн кечиктирбестен Адвокатуранын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
5. Адвокаттар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ордун адвокаттардын съездинде бекитилген резервдик тизмеде турган кийинки кезектеги талапкер ээлейт.
Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси Адвокаттар кеңешин шайлоо мөөнөтүнө түзүлөт.";
5) 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 135
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112664/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>