# 9-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112662)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52 "О государственных наградах, почетных званиях и государственных премиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3416/edition/1273328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112662/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 9-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-9

---

1. "Эрдик" ордени менен Кыргыз Республикасынын жарандары адамдарды куткарууда, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, табигый кырсыктар, өрт, кыйроолор жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда көрсөткөн жан аябас жосуну, каармандыгы жана эрдиги үчүн, ошондой эле өмүр тобокелдиги менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык же жарандык парзын аткарууда жасаган тайманбас жана чечкиндүү аракеттери үчүн сыйланат.

2. "Эрдик" орденинин 3 даражасы бар:

1) I даражадагы "Эрдик" ордени;

2) II даражадагы "Эрдик" ордени;

3) III даражадагы "Эрдик" ордени.

"Эрдик" ордени менен сыйлоо III даражадан I даражага карата - ырааттуу жүргүзүлөт. Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти ушул бөлүктө белгиленген ырааттуулукту сактабастан жарандарды "Эрдик" ордени менен сыйлай алат.

3. "Эрдик" ордени төштүн сол тарабына "Данакер" орденинен кийин тагылат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-10)
