9-берене
Күчүн жоготкон · 21.04.2026 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52.
1. "Эрдик" ордени менен Кыргыз Республикасынын жарандары адамдарды куткарууда, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, табигый кырсыктар, өрт, кыйроолор жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда көрсөткөн жан аябас жосуну, каармандыгы жана эрдиги үчүн, ошондой эле өмүр тобокелдиги менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык же жарандык парзын аткарууда жасаган тайманбас жана чечкиндүү аракеттери үчүн сыйланат.
2. "Эрдик" орденинин 3 даражасы бар:
1) I даражадагы "Эрдик" ордени;
2) II даражадагы "Эрдик" ордени;
3) III даражадагы "Эрдик" ордени.
"Эрдик" ордени менен сыйлоо III даражадан I даражага карата - ырааттуу жүргүзүлөт. Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти ушул бөлүктө белгиленген ырааттуулукту сактабастан жарандарды "Эрдик" ордени менен сыйлай алат.
3. "Эрдик" ордени төштүн сол тарабына "Данакер" орденинен кийин тагылат.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112662/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>