# 8-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112662)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52 "О государственных наградах, почетных званиях и государственных премиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3416/edition/1273328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112662/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 8-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-8

---

1. "Данакер" ордени менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы, улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча өзгөчө үзүрлүү иши, өлкөнүн илимин жана экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги, улуттук маданияттарды жакындаштыруу жана өз ара байытуу, мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча жигердүү иши үчүн сыйланат.

2. "Данакер" ордени төштүн сол тарабына "Курманжан Датка" орденинен кийин тагылат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-9)
