# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112662)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52 "О государственных наградах, почетных званиях и государственных премиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3416/edition/1273328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112662/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 6-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-6

---

1. "Манас" ордени менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өркүндөшүнө өбөлгө түзгөн мамлекетке жана элге сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын арттырууга кошкон салымы үчүн сыйланат.

2. "Манас" орденинин 3 даражасы бар:

1) I даражадагы "Манас" ордени;

2) II даражадагы "Манас" ордени;

3) III даражадагы "Манас" ордени.

"Манас" ордени менен сыйлоо III даражадан I даражага карата - ырааттуу жүргүзүлөт. Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти ушул бөлүктө белгиленген ырааттуулукту сактабастан жарандарды "Манас" ордени менен сыйлай алат.

3. "Манас" ордени төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын башка ордендеринин жана медалдарынын алдына тагылат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-7)
