6-берене
Күчүн жоготкон · 21.04.2026 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52.
1. "Манас" ордени менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өркүндөшүнө өбөлгө түзгөн мамлекетке жана элге сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын арттырууга кошкон салымы үчүн сыйланат.
2. "Манас" орденинин 3 даражасы бар:
1) I даражадагы "Манас" ордени;
2) II даражадагы "Манас" ордени;
3) III даражадагы "Манас" ордени.
"Манас" ордени менен сыйлоо III даражадан I даражага карата - ырааттуу жүргүзүлөт. Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти ушул бөлүктө белгиленген ырааттуулукту сактабастан жарандарды "Манас" ордени менен сыйлай алат.
3. "Манас" ордени төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын башка ордендеринин жана медалдарынын алдына тагылат.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112662/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>