# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112662)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52 "О государственных наградах, почетных званиях и государственных премиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3416/edition/1273328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112662/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 5-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-5

---

1. "Эмгек Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын жарандарына өлкөнү социалдык-экономикалык жана гуманитардык өнүктүрүүдө, анын ичинде өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн, транспортту, курулушту, илимди, маданиятты, билим берүүнү жана саламаттык сактоону, ошондой эле иштин башка тармактарын өнүктүрүүдөгү көрүнүктүү салымы үчүн ыйгарылат.

2. "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы ушундай эле аталыштагы өзгөчө белгини жана тиешелүү ырастаманы тапшыруу менен бир жолу ыйгарылат.

3. "Эмгек Баатыры" өзгөчө белгиси төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын ордендеринин жана медалдарынын үстүнө тагылат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-6)
