# 4-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112662)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52 "О государственных наградах, почетных званиях и государственных премиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3416/edition/1273328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112662/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 4-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-4

---

1. "Ата Мекен Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка жарандарына мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу, адамдарды куткаруу, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өмүр тобокелдиги менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык же жарандык парзын аткарууда жасаган жан аябас эрдиги үчүн ыйгарылат.

2. "Ата Мекен Баатыры" артыкчылык даражасы ушундай эле аталыштагы өзгөчө белгини жана тиешелүү ырастаманы тапшыруу менен бир жолу ыйгарылат.

3. "Ата Мекен Баатыры" өзгөчө белгиси төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын ордендеринин жана медалдарынын үстүнө тагылат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-5)
