4-берене
Күчүн жоготкон · 21.04.2026 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52.
1. "Ата Мекен Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка жарандарына мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу, адамдарды куткаруу, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өмүр тобокелдиги менен коштолгон шарттарда аскердик, кызматтык же жарандык парзын аткарууда жасаган жан аябас эрдиги үчүн ыйгарылат.
2. "Ата Мекен Баатыры" артыкчылык даражасы ушундай эле аталыштагы өзгөчө белгини жана тиешелүү ырастаманы тапшыруу менен бир жолу ыйгарылат.
3. "Ата Мекен Баатыры" өзгөчө белгиси төштүн сол тарабына Кыргыз Республикасынын ордендеринин жана медалдарынын үстүнө тагылат.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112662/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>