# 27-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112662)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52 "О государственных наградах, почетных званиях и государственных премиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3416/edition/1273328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112662/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 27-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-27

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган, ардак наамдарына татыктуу болгон адамдар мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын же сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө жарлыкты жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде гана алардан ажыратылышы мүмкүн.

2. Мамлекеттик сыйлыктардан, ардак наамдардан ажыратуу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан тиешелүү жарлыкты чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан, ардак наамынан ажыратуу жөнүндө жарлык же сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө жарлыкты жокко чыгаруу тууралуу жарлык күчүнө кирген күндөн тартып ага карата ушул жарлыктардын бири чыгарылган адам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына татыктуу болгон адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген социалдык кепилдиктерге болгон укуктарын жоготот.

4. Мамлекеттик сыйлыктардан, ардак наамдардан ажыратылган адамдарга таандык болгон мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамга төш белгилер, ошондой эле алардын документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып салынууга тийиш.

Алып салынган мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамга төш белгилер, ошондой эле алардын документтери мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүп берилет.

5. Сыйланган адам мамлекеттик сыйлыктан, ардак наамдан ажыратылган реабилитациялык негиздер боюнча соттун өкүмүн жокко чыгарууда бул жөнүндө чыгарылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жокко чыгарылууга, ал эми Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына, ардак наамына же мамлекеттик сый акысына болгон укугу калыбына келтирилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-28)
