21-берене
Күчүн жоготкон · 21.04.2026 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52.
1. Мамлекеттик сыйлык менен кезектеги сыйлоо же ардак наамды ыйгаруу мурдагы мамлекеттик сыйлык менен сыйланган же ардак наам ыйгарылган учурдан тартып 5 жылдан эрте эмес жаңы сиңирген эмгеги үчүн жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Президенти өзгөчө учурларда 5 жылдык мөөнөт өткөнгө чейин адамды мамлекеттик сыйлык менен сыйлоого же ага ардак наам ыйгарууга укуктуу.
3. Даражага ээ сыйлыктарды кошпогондо, бир эле адам бир эле мамлекеттик сыйлык менен эки жолу сыйлана албайт.
4. "Ата Мекен Баатыры" жана "Эмгек Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражалары, ошондой эле "Эрдик" ордени менен жарандарды сыйлоо Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тартып өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн каза болгондон кийин да жүргүзүлүшү мүмкүн.
Мамлекетке жана коомго өзгөчө сиңирген эмгеги бар мурдагы мамлекеттик ишмерлерге (Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчыларына, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагаларына, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагаларына, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагаларына) ыйгарылуучу "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын кошпогондо, каза болгондон кийин башка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу, мамлекеттик сый акыларын берүү жүргүзүлбөйт.
5. Каза болгондон кийин сыйланган учурда мамлекеттик сыйлык жана анын документтери аларды тагынуу укугусуз жакын туугандарына сактоо үчүн берилет.
6. Сыйланган адам каза болуп, ал тирүү кезинде мамлекеттик сыйлык тапшырылбай калган учурда мамлекеттик сыйлык жана анын документтери, ошондой эле ардак наамдын документтери жакын туугандарына аларды тагынуу укугусуз сактоо үчүн берилет.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112662/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>