# 20-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112662)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52 "О государственных наградах, почетных званиях и государственных премиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3416/edition/1273328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112662/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 20-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-20

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жана мамлекеттик сый акыларын берүү кийин мамлекеттик сыйлыктарды же ардак наамдардын жана мамлекеттик сыйлыктардын документтерин тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сыйлоо, ардак наамды ыйгаруу же мамлекеттик сый акыларды берүү жөнүндө жарлыкты чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, ардак наамдарын жана мамлекеттик сый акыларын Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча жана анын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси жана башка кызмат адамдары тапшыра алат.

3. Сыйланган адамга мамлекеттик сыйлык жана сыйлоону ырастоочу документ берилет.

4. Кыргыз Республикасынын ардак наамына же мамлекеттик сыйлыгына татыктуу адамга Кыргыз Республикасынын ардак наамын ыйгарууну же мамлекеттик сый акыны берүүнү ырастоочу документ тапшырылат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-21)
