2-берене
Күчүн жоготкон · 21.04.2026 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52.
1. Ушул Мыйзамда белгиленген "Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы, "Ата Мекен Баатыры" жана "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражалары, ордендер, медалдар, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй мамлекеттик сыйлыктары уюштурулат, алар төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
1) жогорку категориядагы мамлекеттик сыйлык - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;
2) өзгөчө категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:
а) "Ата Мекен Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы;
б) "Эмгек Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы;
3) биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:
а) I даражадагы "Манас" ордени;
б) II даражадагы "Манас" ордени;
в) III даражадагы "Манас" ордени;
г) "Курманжан Датка" ордени;
д) "Данакер" ордени;
е) I даражадагы "Эрдик" ордени;
ж) II даражадагы "Эрдик" ордени;
з) III даражадагы "Эрдик" ордени;
и) "Даңк" ордени;
к) "Достук" ордени;
л) "Баатыр эне" ордени;
4) экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:
а) "Даңк" медалы;
б) "Эне даңкы" медалы;
5) үчүнчү категориядагы мамлекеттик сыйлык - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.
3. Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй ардак наамдары уюштурулат, алар төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
1) биринчи категориядагы ардак наамдар:
а) "Кыргыз Республикасынын эл артисти";
б) "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу";
в) "Кыргыз Республикасынын эл акыны";
г) "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү";
2) экинчи категориядагы ардак наамдар:
а) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти";
б) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери";
в) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу";
г) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу";
д) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими";
е) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи";
ж) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти";
з) "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер";
и) "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер";
к) "Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер";
л) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер";
м) "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер";
н) "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер";
о) "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер";
п) "Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер";
р) "Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер";
с) "Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер";
т) "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер";
у) "Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер";
ф) "Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер";
х) "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер";
ц) "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун эмгек сиңирген кызматкери";
ч) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери".
4. Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй мамлекеттик сый акылары уюштурулат:
1) Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июну ПЖ № 169 "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.06.2024 · № 169
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 285 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын…Указ · 07.10.2024 · № 285
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112662/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>