# 19-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112662)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52 "О государственных наградах, почетных званиях и государственных премиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3416/edition/1273328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112662/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 19-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-19

---

1. Мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери, парламенттик фракциялары жана депутаттык топтору;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;

4) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы;

5) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү;

7) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

8) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;

9) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;

10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

11) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өгкөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;

12) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;

13) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);

14) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

15) Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери.

2. "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөр жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан демилгеленет.

3. Соттуулугу жоюлбаган адамдарды мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга же мамлекеттик сый акыларга сунуштоого жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-20)
