# 16-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112662)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52 "О государственных наградах, почетных званиях и государственных премиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3416/edition/1273328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112662/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 16-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-16

---

1. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" ардак наамы, көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, маданият жана искусство жаатында 15 жылдан кем эмес иштеген, театралдык, музыкалык, кино, теле жана радио жана цирк искусствосу жаатында жалпы элге таанылган жогорку көркөм образдарды, спектаклдерди, кинофильмдерди, телефильмдерди жараткан жогорку кесипкөй артисттерге, дирижерлорго, режиссерлорго, операторлорго, коюучу-сүрөтчүлөргө, костюмдар боюнча сүрөтчүлөргө, үн операторлоруна, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, музыкалык аткаруучуларга, концертмейстерлерге, элдик чыгармаларды аткаруучуларга, музыкалык, хордук, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.

2. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери" ардак наамы адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген бардык адистиктеги жогорку кесипкөй дарыгерлерге, иш практикасында медициналык илимдин жана техниканын заманбап жетишкендиктерин пайдалануу менен дарылоо-алдын алуу жардамдарын уюштурууда жана көрсөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылат.

3. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу" ардак наамы техникалык прогресске жана экономикага олуттуу салым кошкон, өндүрүшкө киргизилген, мамлекеттик мааниси чоң ойлоп табуулар үчүн, ошондой эле көп жылдык үзүрлүү ойлоп табуучулук иши үчүн авторлорго ыйгарылат.

4. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" ардак наамы адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген, курулушту, курулуш индустриясын жана архитектураны өнүктүрүүдө, архитектуралык эстеликтерди реставрациялоодо, ошондой эле капиталдык курулуштун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууда көрүнүктүү эмгектери үчүн, өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, курулуш жана курулуш индустриясы, илимий-изилдөө жана долбоорлоо мекемелери, окуу жайлары жана башка органдар жаатындагы жогорку квалификациялуу кызматкерлерге ыйгарылат.

5. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" ардак наамы адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген, окуучулардын терең билим алышын, алардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүнү камсыз кылуучу педагогикалык жана тарбиялык иште өзгөчө айырмаланган билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй мугалимдерине ыйгарылат.

6. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" ардак наамы адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти чыңдоодо, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо, укуктук мамлекетти калыптандырууда, юридикалык илимди өнүктүрүүдө, юридикалык кадрларды даярдоодо сиңирген олуттуу эмгеги бар жогорку квалификациялуу юристтерге ыйгарылат.

7. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" ардак наамы адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген, экономикалык иш жана финансылык иш, мамлекеттик аудит, экономикалык илимди жана финансылык рынокту өнүктүрүү жаатында чоң эмгек сиңирген, мамлекеттик каражаттарды жана мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууда, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жогорку квалификациялуу экономисттерге жана ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын адистерине ыйгарылат.

8. "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардак наамы өзгөчө чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген, маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө, чыгармачыл кадрларды даярдоого олуттуу салым кошкон, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо чоң ийгиликтерге жетишкен жогорку кесипкөй режиссерлорго, композиторлорго, дирижерлорго, балетмейстерлерге, хормейстерлерге, концертмейстерлерге, дизайнерлерге, искусство таануучуларга, жазуучуларга, журналисттерге, сүрөтчүлөргө, декоративдик-колдонмо искусство чеберлерине жана маданият жана искусство мекемелеринин башка кызматкерлерине ыйгарылат.

9. "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" ардак наамы илимдин жана техниканын артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгууга, таанылган илимий мектептерди түзүүгө, илимий кадрларды тарбиялоого жана даярдоого сиңирген эмгеги үчүн илимдин кандидаты же доктору окумуштуулук даражасы бар окумуштууларга, ошондой эле илим жана техника жаатындагы көрүнүктүү эмгектери, техникалык прогресске олуттуу салым кошкон жана жогорку экономикалык натыйжа берген ойлоп табуулары жана ишке киргизилген рационализатордук сунуштары үчүн өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда, ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен конструктордук жана технологиялык уюмдардын, өндүрүштүк жана илимий-өндүрүштүк бирикмелердин, машина куруу, өндүрүштүк жана илимий-изилдөө уюмдарынын, жогорку окуу жайлардын технологиялык борборлорунун жана лабораторияларынын кызматкерлерине ыйгарылат.

10. "Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген, пайдалуу кендерди табуу, чалгындоо жана өнөр жайлык өздөштүрүүгө өткөрүп берүү, гидрогеология жана инженердик геология, экологиялык таза технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү, геологиялык илимди өнүктүрүү жаатында айырмаланган, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жетишкен геологиялык, геофизикалык, гидрогеологиялык, топографиялык-геодезиялык уюмдардын, илимий-изилдөө мекемелеринин жана окуу жайларынын жогорку кесипкөй инженердик-техникалык кызматкерлерине жана кызматчыларына ыйгарылат.

11. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы мамлекеттик кызматта 15 жылдан кем эмес иштеген, мамлекеттик кызмат жаатында сиңирген зор эмгеги, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, мамлекеттик кызмат системасын өркүндөткөндүгү жана мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкендиги үчүн мамлекеттик кызматчыларга ыйгарылат.

12. "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы саламаттык сактоо тармагында 15 жылдан кем эмес иштеген, өз тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда чоң ийгиликтерге жетишкен, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине ыйгарылат.

13. "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы 15 жылдан кем эмес иштеген, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда кошкон зор салымы жана сиңирген эмгеги, муниципалдык кызмат системасын өркүндөткөндүгү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда ийгиликтери үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын кызматкерлерине ыйгарылат.

14. "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, ушул чөйрөдө 15 жылдан кем эмес иштеген билим берүү уюмдарынын, билим берүүнү башкаруу органдарынын, билим берүү системасынын илимий-изилдөө институттарынын жогорку кесипкөй илимий-педагогикалык жана башка кызматкерлерине педагогикалык жана тарбиялоо ишине, инновациялык окуу-методикалык куралдарды, программаларды, методикаларды түзүүдө сиңирген эмгеги, билим берүү процессин илимий-методикалык камсыздоого катышкандыгы үчүн ыйгарылат.

15. "Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жаатында 15 жылдан кем эмес иштеген жаратылышты коргоо органдарынын жогорку кесипкөй кызматкерлерине, экологиялык проблемалар менен иштеген илимий-изилдөө жана башка мекемелердин кызматкерлерине жаратылыш ресурстарын сактоодо, аз калдыктуу жана калдыксыз курулмаларды иштеп чыгууда жана өздөштүрүүдө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоодо сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылат.

16. "Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы чийки затты казып алууда, продукция өндүрүүдө, анын сапатын жакшыртууда сиңирген эмгеги үчүн бул тармакта 10 жылдан кем эмес иштеген, экономиканын өнөр жай тармактарынын түрдүү уюмдарынын, кен казуу өнөр жайынын жогорку кесипкөй жумушчуларына, мастерлерине, инженердик-техникалык кызматкерлерине, өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, бул тармакта 15 жылдан кем эмес иштеген энергетика жана өнөр жай жаатындагы жумушчуларга жана инженердик-техникалык кызматкерлерге, ошондой эле илимдин жана техниканын жетишкендиктерин ишке киргизүүнүн, технологияны өркүндөтүүнүн, өндүрүштүк процесстерди механикалаштыруунун жана автоматташтыруунун эсебинен өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууда, продукция чыгарууну көбөйтүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө, технологиялык, долбоордук-конструктордук уюмдардын кызматкерлерине ыйгарылат.

17. "Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы байланыш каражаттарын өнүктүрүүдө, модернизациялоодо, эксплуатациялоодо, калкты тейлөөнү жакшыртууда, принциптүү жаңы жогорку натыйжалуу техниканы жана технологияны иштеп чыгууда жана киргизүүдө сиңирген олуттуу эмгеги бар, өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, бул чөйрөдө 15 жылдан кем эмес иштеген, телекоммуникация, көрсөтүү, почта байланышы, байланыштын курулуш, оңдоо, долбоорлоо ишканалары жаатындагы, байланыш жаатындагы мамлекеттик башкаруу органдарынын жогорку кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.

18. "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы айыл чарба өндүрүшү тармактарын өнүктүрүүдө: илимдин, техниканын жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбаны жана чарба жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын ишке киргизүүнүн негизинде түшүмдүүлүктү, жердин күрдүүлүгүн жогорулатууга, мамлекетке жана калкка жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын сатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкен, өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, бул чөйрөдө 15 жылдан кем эмес иштеген, мамлекеттик органдардын, агрардык өнөр жай комплексинин жана айыл чарба жаатындагы башка уюмдардын жогорку кесипкөй кызматкерлерине, ошондой эле агрардык реформаны жүргүзүүгө жигердүү катышкан адамдарга ыйгарылат.

19. "Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, калкты тейлөө чөйрөсүндө 15 жылдан кем эмес иштеген, калкка турмуш-тиричилик, соода, турак жай, коммуналдык жана башка кызматтарды көрсөтүүдө, кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн, тейлөөнүн формаларын жана методдорун иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө, жарандарга социалдык жардамды жана аларды пенсия менен камсыздоону уюштурууда, маданий-эс алуу ишин жана туризмди өнүктүрүүдө сиңирген олуттуу эмгеги үчүн калкты тейлөө чөйрөсүндөгү мекемелердин жана уюмдардын жогорку кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.

20. "Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы өндүрүштүк тапшырмаларды аткарууда, кыймылдын коопсуздугун камсыз кылууда өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууда жана транспорт каражаттарын пайдаланууну жакшыртууда сиңирген эмгеги үчүн илимдин, техниканын жетишкендиктерин жана эмгектин алдынкы методдорун өндүрүшкө киргизүүнүн негизинде жогору көрсөткүчтөргө жетишкен, өзүнүн тармагына бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууда, рынок экономикасынын механизмдерин жайылтууда чоң ийгиликтерге жана ата мекендик кадрларды кайра даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, транспорт тармагында 15 жылдан кем эмес иштеген, темир жол, аба, суу, автомобиль жана транспорттун башка түрлөрүнүн, мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө жана долбоордук уюмдардын, окуу жайларынын жогорку кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.

21. "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы дене тарбия жана спорт жаатында 15 жылдан кем эмес иштеген, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө, калктын дене тарбия системасын, массалык спортту, жогорку жетишкендиктеги спортту өркүндөтүүгө, кадрларды даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө сиңирген олуттуу эмгеги үчүн, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнү камсыз кылуучу уюштуруу-методикалык, окутуу-машыктыруу, тарбиялоо, инженердик-техникалык, илимий-педагогикалык жана чарбалык иштеги көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн дене тарбия жана спорт мекемелеринин жогорку кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.

22. "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун эмгек сиңирген кызматкери" ардак наамы авариялардын, кыйроолордун жана табигый кырсыктардын алдын алууда жана алардын кесепеттерин жоюуда ынтаасын коюп иштегени үчүн, башкаруу органдарын, авариялык-куткаруу кызматтарынын күчтөрүн жана каражаттарын, авариялык-куткаруу түзүмдөрүн өзгөчө кырдаалдар зонасына чыгарууга жана тейлөө объекттеринде же аймактарында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө ар дайым даярдыкта кармоодо жеке сиңирген эмгеги үчүн, өзгөчө кырдаалдар шарттарында калкты иш-аракеттерге даярдоого катышкандыгы үчүн, авариялык-куткаруу кызматтары жана авариялык-куткаруу түзүмдөрү үчүн квалификациялуу кадрларды тарбиялоодо, окутууда, даярдоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун Жарандык коргонуу кызматтарынын жана авариялык-куткаруу түзүмдөрүнүн Жарандык коргонуу жаатында 15 жылдан кем эмес иштеген жогорку кесипкөй кызматкерлерине ыйгарылат.

23. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери" ардак наамы Кыргыз Республикасынын жараны же чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон, ошондой эле ишкердик чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген ишкердик иштин субъектинин уюштуруучусуна ыйгарылат.

Ишкердик иштин субъекти төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш:

- "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" жана "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалгыз уюштуруучу болуп саналган же уставдык же акционердик капиталынын 50 пайызынан ашык өлчөмдөгү үлүшкө ээ болгон уюштуруучу тарабынан түзүлгөн;

- Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жана 1 (бир) миллион сомдон кем эмес өлчөмдө толук төлөнгөн уставдык капиталга ээ;

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге карызы болбогон;

- кошумча нарктын жогорку даражасындагы инновациялык, импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган продукцияны чыгаруучу жана чакан же орто ишкердиктин субъекттеринин категориясына кирген;

- Кыргыз Республикасынын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон, ошондой эле кайрымдуулук ишин жүргүзгөн;

- иш мезгилинде банкроттук жол-жобосун демилгелөөгө же болбосо өтүүгө дуушар болбогон.

24. Кыргыз Республикасынын ардак наамына татыктуу болгондорго Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.

Төш белги көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана сыйланган адамдын биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктардын катарына кирген ардак наамы болсо, ал белгиден кийин тагылат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-17)
