# 15-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112662)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52 "О государственных наградах, почетных званиях и государственных премиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3416/edition/1273328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112662/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 15-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-15

---

1. "Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардак наамы көрүнүктүү көркөм образдарды, спектаклдерди, телеспектаклдерди, телефильмдерди, кинофильмдерди, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телеберүүлөрдө жана радио чыгармаларды жараткан, жалпы элге таанылган артисттерге, музыкалык аткаруучуларга, композиторлорго, дирижерлорго, режиссерлорго, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, импровизатор-акындарга, музыкалык, хордук, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.

2. "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" ардак наамы ата мекендик адабиятты өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элге таанылган жогорку көркөм чыгармаларды жаратканы үчүн үчүн жазуучуларга ыйгарылат.

3. "Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардак наамы ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элге таанылган поэтикалык чыгармачылыкты өнүктүрүүдө, жогорку көркөм чыгармаларды жаратууда сиңирген эмгеги үчүн акындарга ыйгарылат.

4. "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" ардак наамы живопистин, скульптуранын, графиканын, монументалдык, декоративдик-колдонмо искусствонун жалпы элге таанылган көрүнүктүү чыгармаларды жараткан сүрөтчүлөргө ыйгарылат.

5. Кыргыз Республикасынын ардак наамына татыктуу болгондорго Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.

Төш белги төштүн оң тарабына Кыргыз Республикасынын башка төш белгилеринин алдына тагылат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-16)
