15-берене
Күчүн жоготкон · 21.04.2026 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52.
15-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 15-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. "Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардак наамы көрүнүктүү көркөм образдарды, спектаклдерди, телеспектаклдерди, телефильмдерди, кинофильмдерди, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телеберүүлөрдө жана радио чыгармаларды жараткан, жалпы элге таанылган артисттерге, музыкалык аткаруучуларга, композиторлорго, дирижерлорго, режиссерлорго, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, импровизатор-акындарга, музыкалык, хордук, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.
2. "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" ардак наамы ата мекендик адабиятты өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элге таанылган жогорку көркөм чыгармаларды жаратканы үчүн үчүн жазуучуларга ыйгарылат.
3. "Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардак наамы ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элге таанылган поэтикалык чыгармачылыкты өнүктүрүүдө, жогорку көркөм чыгармаларды жаратууда сиңирген эмгеги үчүн акындарга ыйгарылат.
4. "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" ардак наамы живопистин, скульптуранын, графиканын, монументалдык, декоративдик-колдонмо искусствонун жалпы элге таанылган көрүнүктүү чыгармаларды жараткан сүрөтчүлөргө ыйгарылат.
5. Кыргыз Республикасынын ардак наамына татыктуу болгондорго Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.
Төш белги төштүн оң тарабына Кыргыз Республикасынын башка төш белгилеринин алдына тагылат.
Берененин тексти 21.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112662/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>