# 14-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112662)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52 "О государственных наградах, почетных званиях и государственных премиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3416/edition/1273328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112662/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 14-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-14

---

1. "Эне даңкы" медалы менен ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, алты баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, алтынчы баласы бир жашка толгон жана калгандары тирүү болгон энелер - Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланат.

2. "Эне даңкы" медалы менен сыйлоодо төмөнкү балдар эске алынат:

1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынган балдар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар чогуу жашаса;

2) Ата Мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор;

3) күтүлбөгөн жагдайлардын жана бөөдө кырсыктардын кесепетинен каза болгондор (жол-транспорт кырсыгы, өндүрүштөгү жаракаттар, өзгөчө кырдаалдардан алган жаракаттар, оорулардын кесепеттери, киши өлтүрүүлөр жана эне менен балага көз каранды болбогон башка жагдайлар).

3. "Эне даңкы" медалы төштүн сол тарабына "Даңк" медалынан кийин тагылат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-15)
