# 10-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112662)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.04.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 21 апреля 2026 года № 52 "О государственных наградах, почетных званиях и государственных премиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044871)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3416/edition/1273328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112662/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө, 10-берене (21.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-10

---

1. "Даңк" ордени менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдар сыйланат:

1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн сиңирген эмгеги үчүн;

2) илим, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн;

3) мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук иш жаатындагы, мыйзамдуулукту, укуктук тартипти, коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоодогу сиңирген эмгеги үчүн;

4) өсүп келе жаткан муунга улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө жана патриоттук тарбия берүүгө кошкон салымы үчүн;

5) спортту илгерилетүүдө, колдоодо жана жайылтууда сиңирген эмгеги үчүн.

2. "Даңк" ордени төштүн сол тарабына "Эрдик" орденинен кийин тагылат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112662/st-11)
