# 9-берене. Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын укуктук статусу

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661#diff=1271859..47408>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 9-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-9

---

1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илимий жана илимий-техникалык уюмдар ошол уюмдун уставында каралган максаттарга жана милдеттерге шайкеш келген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар болуп саналат. Илимий уюмдар саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте милдеттүү мамлекеттик аккредитациядан өтүүнүн негизинде жүзөгө ашыра алат.

2. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий жана илимий-техникалык уюмдарынын жана илимий-изилдөө институттарынын уставы анын уюмдаштыруучусу тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталат.

3. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүнүн илимий жана илимий-техникалык ишинин негизги багыттарын аныктоого;

2) республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун конкурстарына катышууга;

3) башка илимий жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;

4) белгиленген тартипте бирикмелерге кирүүгө, филиалдарды түзүүгө;

5) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялуу басылмаларды чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтардын базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;

6) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, адистерди аспирантура, докторантура, тармак боюнча PhD докторантура аркылуу даярдоону жүзөгө ашырууга;

7) окумуштуулук даражаны изденип алууга диссертациялык иштерди коргоо жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу боюнча кеңештерди түзүүгө белгиленген тартипте катышууга;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлоруна катышууга;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чарбалык коомдорду, тажрыйбалык өндүрүштөрдү, технопарктарды, технополистерди түзүүгө жана илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга;

10) илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу, илимий жана илимий-техникалык уюмдун ишин башкаруу чөйрөсүндө кабыл алынуучу чечимдердин коллегиялуулугун камсыз кылуу үчүн илимий-техникалык кеңеш түзүүгө.

4. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, жүзөгө ашырылып жаткан иштин сапатын жана заманбап талаптарга шайкештигин камсыз кылуу үчүн илимий жана илимий-техникалык уюмдар мамлекеттик аттестациядан өтүүгө тийиш.

Илимий-техникалык уюмду мамлекеттик аттестациядан өткөрүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

5. Мамлекет мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарга алардын уюштуруу документтеринде каралган иш үчүн пайдаланылуучу негизги, жүгүртүлүүчү фонддорду жана мамлекеттик мүлктү акысыз пайдаланууга берет.

Илимий уюмдардын ыкчам башкаруусуна берилген негизги жана жүгүртүүдөгү фонддор жана башка мамлекеттик мүлк максаттуу багыты боюнча пайдаланылууга тийиш. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар аларга берилген мамлекеттик менчикти уюмдун уставында белгиленген ишти, анын ичинде тажрыйбалык-конструктордук, өндүрүштүк, инновациялык жана коммерциялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн, материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү, инфратүзүмдү карап күтүү жана уюмдун кызматкерлерин социалдык колдоо үчүн алынган пайданы пайдалануу аркылуу колдонот.

6. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарга Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык илимий, сыноо полигондорун (геоэкологиялык, физикалык, химиялык) уюштуруу үчүн жер участоктору бекер пайдаланууга берилиши мүмкүн.

7. Берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдун жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

8. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тармактык аймактык бөлүмдөрдү, илимий-изилдөө уюмдарын, окуу-илимий, инженердик жана инновациялык борборлорду, технопарктарды, илимий-окуу-дарылоо комплекстерин түзүүгө укуктуу.

9. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдардын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

10. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий-изилдөө институттарынын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

11. Мамлекеттик эмес илимий жана илимий-техникалык уюмдардын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартиби алардын уюмдаштыруучу документтери менен аныкталат.

(КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-10)
