# 6-берене. Илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 6-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-6

---

Илим жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөнкүдөй принциптерге негизденет:

1) илимий-техникалык прогресстин коомдун экономикалык, социалдык жана руханий өнүгүүсү менен тыгыз өз ара байланышы;

2) илимди, илимий-техникалык жана илимий-маалыматтык ишти башкаруунун ачыктыгы жана айкындыгы;

3) экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;

4) илимий-изилдөө иштеринин артыкчылыгы;

5) интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу;

6) экономикалык жана башка жеңилдиктер системасы аркылуу илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти, техникалык чыгармачылыкты шыктандыруу жана дем берүү;

7) илимий, илимий-техникалык, илимий-инновациялык жана илимий-маалыматтык ишти уюштуруунун бардык формаларынын тең укуктуулугу;

8) илимий, билим берүү жана өндүрүштүк потенциалдын биримдиги жана оптималдуу интеграциясы;

9) илим, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга илимий жана илимий-техникалык иштин субъекттеринин кеңири жана активдүү катышуусу;

10) өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн дүйнөлүк илимдин жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн жана жетишкендиктерин максималдуу пайдалануу;

11) илимий-техникалык маалыматты жайылтуунун жана илимий-техникалык жетишкендиктерди жана инновацияларды пропагандалоонун эркиндиги.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-7)
