# 5-берене. Илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги максаттары жана багыттары

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 5-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-5

---

Илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө жана социалдык, билим берүүчү, маданий жана башка көйгөйлөрдү чечүүгө илимдин, илимий-техникалык, илимий-инновациялык жана илимий-маалыматтык иштин салымын көбөйтүү;

2) илимий жана илимий-техникалык уюмдарды өнүктүрүү жана иштетүү үчүн зарыл шарттарды түзүү, ошондой эле аларды оптималдаштыруу;

3) өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн анын илимий жана илимий-техникалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана өнүктүрүү;

4) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин социалдык кепилдиктеринин туруктуулугун камсыз кылуу жана жакшыртуу жана илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;

5) илимий-техникалык маалымат системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү;

6) илимий-техникалык маалымат ресурстарынын жалпыга жеткиликтүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзүү, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

7) илимдин ролун жогорулатуу жана илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти активдештирүү, илимий чыгармачылыктын эркиндигин өнүктүрүү.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-6)
