# 29-берене. Колдонмо илимий жана инновациялык изилдөөлөрдү, долбоорлоо-конструктордук жана технологиялык иштерди өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо жана алардын натыйжаларын өндүрүштө пайдалануу

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 29-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-29

---

1. Өндүрүштү реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу үчүн жаңы техниканы жана технологияларды түзүүгө, өздөштүрүүгө жана кеңири жайылтууга багытталган колдонмо илимий жана инновациялык изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар келишимдик негизде жүргүзүлөт.

2. Мамлекет илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий-инновациялык изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга бюджеттик каражаттардын эсебинен финансылык колдоо көрсөтөт.

3. Мамлекет ички жана тышкы рыноктун керектөөлөрүнө ылайык өндүрүштүн техникалык деңгээлин жана продукциянын сапатын жогорулатууга, техниканын принципиалдуу жаңы түрлөрүн жана ресурстарды үнөмдөөчү экологиялык коопсуз технологияларды түзүүгө жана өздөштүрүүгө, ойлоп табууларды пайдаланууга көмөктөшөт.

4. Өнүккөн илимий-техникалык потенциалы бар менчигинин түрүнө карабастан илимий жана илимий-техникалык уюмдар аларга максаттуу насыяларды жана субсидияларды, мамлекеттик тапшырыктарды жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык экономикалык дем берүүнүн башка түрлөрүн берүү жолу менен колдоого алынат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-30)
