# 28-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фонду

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 28-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-28

---

1. Илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүгө көмөктөшүү, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фонду түзүлөт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

1) республикалык бюджеттин;

2) бюджеттен тышкаркы фонддордун;

3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттарынын;

4) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялардын;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка келип түшүүлөрдүн.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:

1) илимдин жана илимий-техникалык иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, максаттуу илимий изилдөөлөрдү каржылоо;

2) конкурстук негизде илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин, илимий жамааттардын жана уюмдардын илимий изилдөөлөрүнө мамлекеттик тапшырык боюнча гранттарды каржылоого;

3) тармактар аралык илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди өнүктүрүүнү колдоого;

4) илимдин жана илимий-техникалык иштин келечектүү жана жаңы багыттары боюнча илимий кадрларды даярдоо программаларын ишке ашырууга, анын ичинде кадрларды чет өлкөлөрдө даярдоого;

5) илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды (журналдарды, электрондук материалдарды жана башкаларды) жарыялоо, сатып алуу жана камсыз кылуу;

6) илимий форумдарды (конгресстер, конференциялар, симпозиумдар жана башкалар) өткөрүү жана аларга катышуу;

7) илимий инфратүзүмдү түзүү.

4. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, менчигинин түрүнө карабастан кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерге, алардын жамааттарына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттарынын эсебинен грант алуу үчүн конкурска катышууга бирдей жеткиликтүүлүк камсыз кылынат.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фонду жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-29)
