# 27-берене. Илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоо

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 27-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-27

---

1. Илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду мамлекеттик каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) базалык каржылоо;

2) программалык-максаттык;

3) гранттык каржылоо.

2. Базалык каржылоо илимий жана илимий-техникалык уюмдарга илимий инфратүзүмдү жана мүлктү, анын ичинде имараттарды, жабдууларды жана материалдарды учурда камсыз кылууга, кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө ченематтар боюнча бөлүнөт.

3. Программалык-максаттуу каржылоо конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча улуттук жана мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга жүзөгө ашырылат.

4. Гранттык каржылоо конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча илимий жана инновациялык долбоорлорду колдоого Кеңеш тарабынан аныкталуучу илимий багыттардын артыкчылыктарына ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Илимий жана илимий-техникалык ишти базалык, программалык-максаттуу жана гранттык каржылоону ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

6. Мамлекеттер аралык жана тармактар аралык илимий-техникалык келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде ишке ашырылуучу илимий жана илимий-техникалык программаларды каржылоо кызыкдар тараптардын ортосундагы келишимдик негизде үлүштүк катышуу тартибинде жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-28)
