# 26-берене. Каржылоонун булактары

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 26-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-26

---

Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын жылдык чыгашаларынын көлөмүнөн бир пайыздан кем эмесин түзгөн республикалык бюджети;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илим фонду;

3) бюджеттен тышкаркы фонддор;

4) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;

5) насыялар жана гранттар;

6) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка киреше алып келүүчү иштеринен түшкөн каражаттары;

7) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялар.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-27)
