# 24-берене. Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 24-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-24

---

1. Илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык төмөнкү жол менен жүзөгө ашырылат:

1) биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, техникалык жана технологиялык иштеп чыгууларды, биргелешкен илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларды жана долбоорлорду жүргүзүү;

2) чет өлкөлүк адистердин, эл аралык уюмдардын катышуусу менен биргелешкен изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү, интеллектуалдык менчик объекттерин илимий-техникалык иштин субъекттеринин ортосундагы келишимдердин негизинде илимий-техникалык продукцияда пайдалануу;

3) илимий-техникалык маалыматтарды өз ара алмашуу, бириккен мамлекеттер аралык маалыматтык фонддорду, маалыматтар банктарын пайдалануу;

4) эл аралык конференцияларды, конгресстерди, симпозиумдарды өткөрүү;

5) илимий, илимий-техникалык жана окутуучулук кадрларды, студенттерди, аспиранттарды жана докторанттарды өз ара алмашуу, адистерди биргелешип даярдоо.

2. Илимий, илимий-техникалык иштин субъекттери эл аралык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катыша алат, чет өлкөлүк уюмдар менен макулдашууларды түзө алат, чет өлкөлүк жана эл аралык илимий коомдордун, ассоциациялардын жана бирликтердин ишине алардын мүчөлөрүнүн укугунда катыша алат, чет өлкөлүк уюмдар менен келишимдерди (контракттарды) жана башка макулдашууларды түзө алат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык симпозиумдарга жана башка иш-чараларга катыша алат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында алынган эл аралык илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштин натыйжалары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пайдаланылат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк илимий уюмдардын жана окумуштуулардын иши Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-25)
