# 23-берене. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза жүргүзүү

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 23-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-23

---

1. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти, тиешелүү илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын түзүмүнүн жана мазмунунун илимий негиздүүлүгүн камсыз кылуу, илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашыруунун социалдык-экономикалык жана башка кесепеттерин аныктоо, илимий-техникалык потенциалды пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо, изилдөөлөрдүн деңгээлин жана алардын натыйжаларын аныктоо максатында жүргүзүлөт.

2. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле адистердин, анын ичинде чет өлкөлүк адистердин катышуусу менен жүргүзүлөт.

3 Экспертиза жүргүзүүгө илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди, адистерди, ошондой эле илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өкүлдөрүн тартуу контракттын (келишимдин) негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Экспертиза жүргүзүүгө каражаттар илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти каржылоого жалпы чыгымдардын көлөмүндө каралат.

5. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны жүргүзүү эрежелери жана уюштуруу тартиби жана алардын түзүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-24)
