# 22-берене. Илимий жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик тапшырык

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 22-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-22

---

1. Тармактык мамлекеттик органдар мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программалардын жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорунун темаларын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү тармакта мамлекеттик тапшырыкты түзүү үчүн мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык, инновациялык программалардын жана долбоорлордун берилген темалары боюнча конкурс өткөрөт.

3. Мамлекеттик тапшырык мамлекеттик каржылоо менен камсыз кылынат жана зарыл болгон материалдык-техникалык ресурстар менен колдоого алынат.

4. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду аткарууга мамлекеттик тапшырыкты түзүүнүн жана конкурс өткөрүүнүн тартиби жана механизмдери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттен каржылануучу ишке ашырылып жаткан илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун эсебин жүргүзөт жана илимий-техникалык маалыматтын улуттук ресурсун, Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-техникалык потенциалын күчөтүү максатында илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштер жөнүндө отчетторду кабыл алат.

6. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду аткаруу боюнча отчетторду эсепке алууну жүргүзүүнүн жана кабыл алуунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.

7. Республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун аткарылышы боюнча отчеттор ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аларды ишке ашырууга жооптуу тармактык мамлекеттик органдардын расмий сайттарына жайгаштырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-23)
