# 21-берене. Улуттук, мамлекеттик жана мамлекеттер аралык илимий жана илимий-техникалык программалар жана долбоорлор

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 21-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-21

---

1. Улуттук илимий жана илимий-техникалык программалар жана долбоорлор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жараша түзүлөт жана маанилүү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат.

2. Мамлекеттик илимий, илимий-техникалык программалар жана долбоорлор мамлекеттик тапшырыкка ылайык конкурстук негизде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.

3. Кыргыз Республикасы мамлекеттер аралык илимий, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде катышат.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-22)
