# 20-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 20-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-20

---

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлүүчү консультациялык орган болуп саналат.

Кеңеш илимди өнүктүрүү, илимий-техникалык жана инновациялык иштер менен байланышкан маселелерди кароодо мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине илимий-инновациялык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын актуалдуу маселелери боюнча сунуштарын берет.

2. Кеңешти түзүү тартиби, курамы жана иш планы бир жыныстагы адамдардын 70%дан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине илимди, илимий-техникалык жана инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды кароого киргизет.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-21)
