2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) аспирантура (адъюнктура) - илимий-изилдөө иштерин пландоо жана өз алдынча жүргүзүү боюнча компетенцияларга, ошондой эле илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алууга жекече илимий-квалификациялык ишти (диссертацияны) даярдоого мүмкүндүк берүүчү терең теориялык билимдерге ээ болгон илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоонун формасы;
2) илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аттестациялоо - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген белгилүү бир талаптарга анын шайкештигин таануу максатында илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишин жалпы баалоонун жол-жобосу;
3) илимий-техникалык маалыматтар базасы - белгиленген максат үчүн жетиштүү болгон, анда камтылган маалыматты автоматташтырылган кайра иштетүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү түрдөгү электрондук алып жүрүүчүдө берилген маалыматтардын топтому;
4) илимий-техникалык маалыматтар банкы - илимий-техникалык маалыматтардын бир же бир нече базасынан жана алардагы маалыматтарды сактоо, иштеп чыгуу жана издөө системасынан турган автоматташтырылган маалыматтык-издөө системасы;
5) грант - аларды пайдалангандыгы жөнүндө кийин отчет берүү менен илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды, долбоорлорду жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүүгө юридикалык жана жеке жактарга акчалай же накталай формадагы кайтарымсыз субсидия;
6) илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясат - мамлекеттин илимий жана илимий-техникалык ишке карата мамилесин туюндурган, мамлекеттин илим, илимий-техникалык иш жана илимий-техникалык маалымат жаатындагы максаттарын, багыттарын, принциптерин, формаларын жана методдорун аныктаган мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатынын курамдык бөлүгү;
7) мамлекеттик тапшырык - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынын эсебинен товарларды берүүгө, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө тапшырык;
8) докторантура - илимий изилдөөлөрдүн жаңы багыты боюнча илимий-изилдөө иштерин уюштуруу же илимий изилдөөлөрдүн учурдагы актуалдуу багыттарын концептуалдуу өнүктүрүү, илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алууга жекече илимий-квалификациялык ишти (диссертацияны) даярдоого мүмкүндүк берүүчү илимий иштин натыйжаларын аналитикалык жалпылоо компетенцияларына ээ болгон илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо формасы;
9) илимдин доктору - докторантурада жана/же изденүүчүлүк институтунда диссертациясын ийгиликтүү коргогондон кийин илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон адамдарга ыйгарылуучу квалификациялык деңгээли;
10) философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор - тиешелүү окуу программасын жана диссертацияны коргоо менен илимий-изилдөө ишин аткарган адамдарга илимий жана башка кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли (базалык докторантура);
11) инновация - жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизилген инновациялык продукт;
12) илимий-инновациялык иш - илимий изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын натыйжалары боюнча алынган инновациялык продуктуну түзүүгө жана жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизүүгө багытталган инновацияда жаңычылдыкты инновацияга өзгөртүп түзүү боюнча иш;
13) инновациялык продукт - жаңы же өркүндөтүлгөн продукция, технология, кызмат көрсөтүү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык же башка мүнөздөгү жаңы уюштуруу-техникалык чечим, алар:
а) интеллектуалдык иштин натыйжаларын укуктук коргоого жөндөмдүүлөрдү пайдалануу менен түзүлөт;
б) рыноктун белгилүү бир сегментинде көрсөтүлгөн аналогдорго салыштырмалуу кыйла жогорку техникалык-экономикалык же башка көрсөткүчтөргө ээ;
в) атаандаштыкка жөндөмдүү болуп саналышат;
14) илимдин кандидаты - аспирантурада жана/же изденүүчүлүк институтунда окуп бүтүргөн адамдарга диссертациясын ийгиликтүү коргогондон кийин ыйгарылуучу квалификациялык деңгээли;
15) илимий жана илимий-техникалык кызматкер - жогорку билимдүү же магистратура, аспирантура, PhD докторантура, изденүүчүлүк, докторантура формасында тиешелүү даярдыгы бар, илимий, илимий-педагогикалык жана илимий-техникалык иш менен кесипкөй алектенген адам;
16) илимий жана илимий-техникалык уюмдар - илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук жана долбоорлоо-изилдөө жана башка илимий-техникалык иштерди жүргүзүүчү юридикалык жактар;
17) илимий жана илимий-техникалык иш - технологиялык, инженердик, экономикалык, социалдык, гуманитардык жана башка милдеттерди чечүү үчүн жаңы билимдерди алууга, пайдаланууга, илимдин, техниканын жана өндүрүштүн бирдиктүү система катары иштешин камсыз кылууга багытталган иш;
18) илимий инфратүзүм - илимий лабораториялык жана инженердик-техникалык жабдуулар, тажрыйба-өнөр жай өндүрүшү, уникалдуу объекттер, ошондой эле илимий жана илимий-техникалык уюмдун балансында турган башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;
19) илимий-маалыматтык иш - илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды түзүү, чогултуу, системалаштыруу, аналитикалык кайра иштетүү, белгилөө, сактоо, жайылтуу жана пайдалануучуга (керектөөчүгө) берүү менен байланышкан иш-аракеттердин жыйындысы;
20) илимий-изилдөө иши - илимий жана илимий-техникалык натыйжа алуу максатында илимий издөө, изилдөөлөрдү, эксперименттерди жүргүзүү менен байланышкан иш;
21) илимий-техникалык маалымат - илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук, долбоорлоо-технологиялык, уюштуруу-башкаруучулук, өндүрүштүк-экономикалык, илимий-инновациялык иштин процессинде алынуучу, илимдин, техниканын жана жаңы технологиялардын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат;
22) илимий изилдөөлөр - илимий жана илимий-техникалык иштин натыйжаларына жетишүү максатында илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук жана технологиялык иштердин алкагында тиешелүү илимий методдор жана каражаттар менен илимий жана илимий-техникалык иштин субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылуучу фундаменталдык, колдонмо илимий изилдөөлөр;
23) илимий жана илимий-техникалык натыйжа - жаңы билимдерди же чечимдерди камтыган илимий жана илимий-техникалык иштин продуктусу;
24) илимий, илимий-техникалык долбоор жана программа - пландалган иштерди жүргүзүүнүн максаттарын жана милдеттерин, актуалдуулугун, жаңычылдыгын, илимий-практикалык маанилүүлүгүн жана максатка ылайыктуулугун негиздөө менен илимий, илимий-техникалык, тажрыйбалык-конструктордук изилдөөлөрдү көрсөтүүчү, болжолдонгон илимий жана илимий-техникалык иштин мазмунун камтыган документ;
25) илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - илим жана илимий-техникалык иш жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияны жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
26) окумуштуулук даража - билимдин белгилүү бир тармагында жетишилген илимий деңгээлди чагылдыруучу, окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертация коргогон адамга ыйгарылуучу жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү квалификациясынын деңгээли;
27) окумуштуулук наам - академиялык карьеранын айрым этаптарында илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди ажырымдоого мүмкүндүк берүүчү жогорку билим берүү жана илимий уюмдардагы квалификациялык системанын баскычы;
28) тажрыйбалык-конструктордук иштер - продукцияны түзүүдө же модернизациялоодо аткарылуучу иштердин комплекси, тажрыйбалык үлгүлөргө конструктордук жана технологиялык документтерди иштеп чыгуу, тажрыйбалык үлгүлөрдү жана пайдалуу моделдерди даярдоо жана сынамдан өткөрүү;
29) тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - тармактык мамлекеттик орган) - мамлекеттик тапшырыкты түзүү үчүн илимий, илимий-техникалык долбоорлордун жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн программаларынын темаларын аныктоочу Кыргыз Республикасынын тармактык министрликтери, администрациялык ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары, инновациялык жайылтуу ишин, илимий жана илимий-техникалык натыйжаларды коммерциялаштырууну жүзөгө ашырат;
30) колдонмо илимий изилдөөлөр - практикалык максаттарга жетүү жана конкреттүү милдеттерди чечүү үчүн жаңы билимдерди колдонууга багытталган изилдөөлөр;
31) илимий-техникалык маалымат системасы - мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн илимий-техникалык маалыматты түзүү, чогултуу, системалаштыруу, издөө жана берүү процесстерин ишке ашыруучу илимий-техникалык маалымат ресурстарынын жана уюштуруу-технологиялык каражаттарынын иреттелген жыйындысы;
32) технопарк (технологиялык парк) - илимий билимдерди, ойлоп табууларды, ноу-хауну жана жогорку технологияларды коммерциялык өздөштүрүү жана аларды рынокко чыгаруу үчүн ишти натыйжалуу колдоо максатында түзүлгөн уюм;
33) технополис - бул илим, билим, өндүрүш процесстери жашоо менен айкалышкан, заманбап продукцияны иштеп чыгуу, жайылтуу жана өндүрүү менен алектенген изилдөө лабораторияларынан, венчурдук, ишке киргизүүчүлүк, ири өнөр жайлык, ортомчулук жана башка компаниялардан турган шаар, илимий-техникалык комплекс;
34) фундаменталдык илимий изилдөөлөр - адамдын, коомдун, айлана-чөйрөнүн түзүлүшүнүн, иштешинин жана өнүгүүсүнүн негизги мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндө жаңы билимдерди алууга багытталган эксперименттик же теориялык иш.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112661/st-2" title="2-берене - Илим жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>