# 19-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

- Документ: [Илим жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 170 "Илим жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230039993)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661#diff=1271859..47408>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3415/edition/1271859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112661/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө, 19-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-19

---

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илим, илимий-техникалык, илимий-маалыматтык жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу, илим, илимий-техникалык, илимий-маалыматтык жана илимий-инновациялык иш жаатында тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруу;

2) мамлекеттик тапшырыктын алкагында мамлекеттик илимий, илимий-техникалык программалардын жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорунун тизмегин түзүү;

3) республикалык бюджеттен каржылануучу илимий, илимий-техникалык программалардын жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорунун конкурсун өткөрүү;

4) илим, илимий-техникалык, илимий маалыматтык жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү;

5) тармактык мамлекеттик органдардын илимий-техникалык кеңештеринин ишин координациялоо;

6) мамлекеттик тапшырыктын алкагында ишке ашырылуучу илимий, илимий-техникалык программалардын жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

7) илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону координациялоо;

8) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

9) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын маалыматтар базасын түзүү;

10) илимий, илимий-техникалык программалар жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлору боюнча маалыматтар банкын түзүү;

11) республикалык бюджеттен каржылануучу илимий, илимий-техникалык программаларды жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорун жана алардын аткарылышы боюнча отчетторду мамлекеттик эсепке алууну уюштуруу;

12) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында Илимий-техникалык кеңешти түзүү;

13) илимий кызматкерлерди, окутуучуларды, адистерди окутуучулук жана илимий-изилдөө иштеринде, илимди жана билим берүүнү интеграциялоонун башка формаларында такшалмадан өтүүгө, айкалыштырып иштөөсүнө көмөктөшүү;

14) базалык каржылоо формасы боюнча илимий жана илимий-техникалык уюмдардын тизмесин аныктоо жана бекитүү;

15) илим жана инновациялар жаатында статистикалык жана маалыматтык камсыз кылууну уюштуруу;

16) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илимий-техникалык уюмду мамлекеттик аттестациялоону/аккредитациялоону жүргүзүү тартибин аныктоо;

17) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий-изилдөө институттарынын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартибин аныктоо;

18) мамлекеттик илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларды жана долбоорлорду аткарууга мамлекеттик тапшырыкты түзүүнүн жана конкурс өткөрүүнүн тартибин жана механизмдерин аныктоо;

19) мамлекеттик илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларды жана долбоорлорду аткаруу боюнча эсепке алууну жүргүзүүнүн жана отчетторду кабыл алуунун тартибин аныктоо;

20) учурдагы кырдаалды талдоонун натыйжаларын жана көз карандысыз эксперттердин корутундуларын жана коомдук талкуулоону пайдалануу менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык жактан өнүктүрүүнүн комплекстүү божомолунун негизинде илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңешке бекитүүгө киргизүү.

(КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112661/st-20)
