Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясы
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 4-глава
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) илимий, илимий-техникалык, илимий-инновациялык жана илимий-маалыматтык иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитет;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарды, анын ичинде башка мамлекеттер жана чет өлкөлүк уюмдар менен биргелешкен уюмдарды түзөт жана жоёт;
3) илимди жана илимий-техникалык маалымат системасын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча чараларды көрөт;
4) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишине дем берүүчү уюштуруучулук, экономикалык жана укуктук механизмдерди түзөт;
5) илимий жана илимий-техникалык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларды, келишимдерди түзөт, эл аралык илимий-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишин координациялайт;
6) илимий жана илимий-техникалык потенциалды калыптандыруу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн социалдык-экономикалык, уюштуруучулук, укуктук шарттарды камсыз кылат;
7) илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду каржылайт, ошондой эле бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
8) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттары боюнча ресурстардын концентрациясын камсыз кылат;
9) илимий-техникалык продукциянын рыногун түзөт жана илимдин, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин жетишкендиктерин өндүрүшкө жана социалдык чөйрөгө киргизүүгө көмөк көрсөтөт;
10) кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын базасында адистештирилген илимий-изилдөө жана окуу-өндүрүштүк уюмдарды түзүүнү камсыз кылат;
11) мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдардын жетекчилерин дайындоонун жана бошотуунун тартибин аныктайт;
12) илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун тартибин аныктайт;
13) жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнү уюштуруунун жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруунун тартибин аныктайт;
14) улуттук илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларды түзөт;
15) көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны өткөрүүнүн эрежелерин жана уюштуруунун тартибин, алардын түзүмүн аныктайт;
16) илимий жана илимий-техникалык ишти базалык, программалык-максаттуу жана гранттык каржылоону ишке ашыруунун тартибин аныктайт.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январы № 47 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын…Постановление · 30.01.2026 · № 47
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 477 "Илим чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.07.2026 · № 477
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабры № 833 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү аркылуу өлкөнүн…Постановление · 25.12.2025 · № 833
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 598-т (Кыргыз Республикасында 2024-2028-жылдарга илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык…Распоряжение · 30.09.2024 · № 598-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин от 10 июня 2026 года № 424-т “Кыргыз Республикасында илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо…Распоряжение · 10.06.2026 · № 424-т
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 177 "Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо жана көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны жүргүзүү…Постановление · 12.04.2024 · № 177 · Күчүн жоготкон
- Министрлер Кабинетинин 30.01.2026-жылдагы №47 ТоктомуПостановление · 30.01.2026 · № 47
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112661/st-18" title="18-берене - Илим жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>